Маскат шаарында Кыргызстан – Оман футболдук беттеши башталды

Спорт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Омандын футбол боюнча улуттук курамаларынын беттеши башталды.

Мелдеш Омандын Маскат шаарындагы “Султан Кабус” спорт комплексинде өтүүдө.

Белгилей кетсек, футбол боюнча улуттук курамалар 2026-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2027-жылкы Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын экинчи раундунун жыйынтыктоочу турунун алкагында оюн өткөрүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын курамасы Малайзия командасы менен кез келип, оюн тең чыгуу менен аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий