Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Кыргызстан орточо IQ боюнча 84-орунду ээледи. Статистиканы Эл аралык IQ уюму жарыялады.
Кыргызстандыктардын орточо IQ деңгээлинин коэффициенти 95ти түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу жакшырган. Алсак, 2023-жылы өлкөнүн тургундарынын орточо IQ деңгээли 93,46 болгон.
Рейтинг 127 өлкөдөн келген 1 млн 400 миң адамдын тестинин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Бардык респонденттер интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн баалоо үчүн бирдей тапшырмаларды аткарышты.
Кытай орточо IQ боюнча дүйнөдө биринчи, Иран менен Түштүк Корея экинчи жана үчүнчү орунда.
Кытайдын жашоочулары үчүн орточо балл 107,43, Иранда – 106,63, Түштүк Кореяда – 106,57. Төртүнчү жана бешинчи орунду Япония (106,54 упай) жана Сингапур (105,25 упай) ээлегени айтылды.
Белгилей кетсек, 2024-жылы дүйнөлүк орточо IQ 100 деп белгиленген.
Пикир
Оставить комментарий