• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстан орточо кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кирет – Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси

Экономика 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстан орточо кирешелүү өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул тууралуу бүгүн КР Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада аталган уюмдун президенти Темир Сариев билдирди.–

Ал белгилегендей, жыл сайын Кыргызстандын экономикасы чыңдалып, быйыл ички дүң продукциянын көлөмү биринчи жолу 1,5 трлн сомдон ашуусу күтүлүүдө.

"Бул цифралардын артында ишкерлердин, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын чыныгы ийгиликтери турат. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу, инфраструктураны модернизациялоо, ири инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу сыяктуу долбоорлордун аркасында өлкөбүз Борбор Азиядагы маанилүү транзиттик түйүнгө айланууда. Бул долбоорлор экономиканы гана чыңдабастан, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүп, жарандарыбыздын жашоосун жакшыртат. Бирок, албетте, биз азыркы заманда ушул темпти сактап калуу гана эмес, мезгилдин чакырыктарына моюн сунуу менен алдыга ишенимдүү кадам таштоо маанилүү экенин түшүнөбүз", - деди ал.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген 2040-жылга чейинки өнүгүү программасы өлкөнүн өнүгүшү үчүн жаңы багыттарды жана жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Бул программаны камсыз кылуу үчүн Соода-өнөр жай палатасы өлкөдө бизнес климатты жакшыртууга багытталган жаңы мыйзамдарды, эрежелерди жана демилгелерди биргелешип иштеп чыгуу аркылуу Жогорку Кеңеш, министрлер кабинети жана мамлекеттик органдар менен бекем байланыштарды түзүүдө", - деп кошумчалады Сариев.

Анын айтымында, палатанын курамында 12 ишкер кеңеш бар, 50дөн ашык өлкөнүн палаталары жана уюмдары менен кызматташуу боюнча 60тан ашык меморандумга кол коюлган.

"Ошондой эле дүйнө жүзү боюнча Түштүк Кореядан Канадага чейин 50 өкүл бар, алар жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө жана экспорттук горизонтторду ачууга жардам беришүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий