• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан пакистандык өндүрүүчүлөрдөн дары-дармекти түз алууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын фармацевтикалык компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдады.

Жолугушуу министрдин Исламабад шаарында өтүп жаткан саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммитте катышуусунун алкагында эки өлкөнүн фармацевтика тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү максатында өттү.

Анда саламаттык сактоо жана фармацевтика тармагында кызматташуу жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү, Пакистандын ири фармацевтикалык компаниялары менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министр белгилегендей, 2023-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен калкты сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо максатында КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдында "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.

"Республика боюнча ачылган мамлекеттик дарыканалар да ийгиликтүү иштей баштады. Андыктан биз өндүрүүчү ишканалардан сапаттуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды түз жеткирүүгө кызыкдарбыз", - деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Өз ара пайдалуу кызматташуу максатында биргелешкен аракеттерди көрүү зарыл экендиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий