• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан – Сингапур беттеши: Күйөрмандар үчүн тыюу салынган эрежелердин тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн өткөрөт.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндары старт алып, Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан.

Азия кубогуна тайпалык тандоо турунун оюндары 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт. Кыргызстан - Сингапур оюну саат 20:00дө аталган стадиондо башталат.

Стадиондун дарбазалары саат 19:00дө ачылат. Ар бир билетте бир адамга гана жарактуу QR-код бар.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык, төмөндөгүлөргө күйөрмандарга тыюу салынат:

- диндик, расалык, этникалык жана улуттук конфликтти козуткан, иш-чара катышуучуларын, күйөрмандарды мазактаган жазуу жана символдорду алып келүү;
- бат тутанган, уулуу, жардыруучу заттар, пиротехникалык, учтуу жана кесүүчү нерселер, ок атуучу курал, чоң сумка, портфель, чемодан жана айнектен жасалган буюмдарды алып келүүгө;
- стадионго мас абалда келүү, алкоголдук ичимдиктерди алып келүү, ичүү, спорттук комплексте тамеки чегүүгө;
- оюнга катышуучуларга жана оюн талаасына ар кандай нерселерди ыргытуу;
- оюн талаасына чыгуу, машыктыруучулар, калыстар, жана оюнчуларга ылайыкталган бөлмөлөргө кирүүгө;
- тепкич, өтмөк, отургуч, люк, дубалдарга, тосмо жана тирөөчтөргө секирүүгө.

Мындан сырткары, 13 жашка чыга элек балдар чоңдордун коштоосунда стадионго киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий