Кыргызстан «Скай Мобайл» уюлдук операторуна байланышкан дагы бир ишти жапты

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргызстан Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто 73,8 млн доллардык "Скай Мобайл" уюлдук оператору боюнча арбитраждык ишти жапты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуянын хронологиясы: 2018-жылдын ноябрында «Menacrest AG» жана «VIP Kyrgyzstan Holding AG» компаниясы биздин өлкөдөн «Скай Мобайл» иши боюнча 73,8 млн доллар компенсация талап кылып арбитраждык териштирүү ишин (иштин номери – "PCA case, #2019-29") баштаган.

2021-жылдын февралында талаштын чоо-жайы боюнча жана доогерлердин кыргыз тарапка дооматынын негиздүүлүгү боюнча угуулар болуп өткөн.

2020-жылдын ичинде тараптар арбитраждын курамына өз позициясы боюнча жазуу жүзүндөгү аргументтерди беришкен.

Ал эми 2021-жылдын 12-ноябрында арбитраждык трибунал арбитраждык процессти толук токтотуу жана бул инвестициялык ишти жабуу тууралуу процесстик буйрукту чыгарган, анткени тараптардын ортосундагы талаш-тартыш кырдаал жөнгө салынган жана Кыргызстанга карата 73,8 млн доллар талап толугу менен кайтарылган.

Белгилей кетсек, жөнгө салуу шарттарынын бири – 2018-жылдын ноябрынан тартып бардык арбитраждык чыгымдарынын 96,2% доогерлер ("Menacrest AG" компаниясы жана "VIP Kyrgyzstan Holding AG" компаниясы) тарабы, ал эми кыргыз тарабы 3,2% гана жапмакчы болду.

Арбитраждык трибунал төмөнкү арбитрларды камтыган:

- Мистер Джон Бикей (Mr.John Beechey CBE, Presiding Arbitror);

- Профессор Джулиан Лью (Prof. Julian D.M. Lew QC);

- Доктор Гэвин Гриффит (Dr. Gavan Griffith QC).

Пикир

Оставить комментарий