• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кыргызстан СПЕКА Экономикалык форумунда негизги демилгелерди сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Бүгүн Тажикстандын Душанбе шаарында туруктуу өнүгүү жана жашыл экономика маселелерине арналган СПЕКА Экономикалык форуму өттү.

Иш-чарада КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов сүйлөп, форумдун өлкөлөр аралык кызматташтыкты бекемдөө жана туруктуу өнүгүүгө жетишүүдөгү маанисин белгиледи.

Сейитов экономикалык өсүштү экологиялык туруктуулук менен айкалыштыруу зарылдыгын белгилеп, натыйжалуулукту жогорулатууга, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтууга жана жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган инновацияларды активдүү киргизүү чакырыгы менен кайрылды.

Ал ошондой эле 2023-жылы Кыргызстандын СПЕКА өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 2,16 млрд АКШ долларын түзгөнүн жана бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 13,4% га өскөнүн белгиледи.

"Мындай динамика өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын туура багытта өнүгүп жатканын көрсөтөт. Бирок, мындай жетишкендиктерге карабастан, өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо жана кызматташтыктын жаңы багыттарын издөө зарылдыгы баса белгиленди.

Кыргызстан форумдун алкагында туруктуу өнүгүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелерди сунуштады. Анын ичинде:

  • "жашыл экономиканы" өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу;
  • товарларды өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын кеңейтилген жоопкерчилик институтун киргизүү;
  • гидроэнергетиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү;
  • Казакстан жана Өзбекстан менен өнөктөштүктө Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун ишке ашыруу;
  • сырткы карызды климаттык жана туруктуу өнүгүү долбоорлоруна алмаштыруу механизмин киргизүү.

Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө энергетика, климаттын өзгөрүшү, транспорттук инфраструктура жана гендердик теңчилик сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгы менен соода, инвестицияларды тартуу жана инновациялык технологияларды ишке киргизүүгө багытталган Душанбе декларациясы кабыл алынары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий