Кыргызстанга адам укуктары боюнча түшүнүксүз стандарттарды таңуулоо жана андан да өлкө аларды сактабай жатат деп айыптоо аракеттери орунсуз болгондуктан, бийлик буга чекит коюуну чечти.
Европарламенттин добуш сатып алуу фактысы үчүн жергиликтүү шайлоодон четтетилген Социал-демократтар партиясына жана жардамчылары менен камакка алынган лидери боюнча резолюциясы соңку прецедент болду.
Европалык депутаттар тарабынан жарыялаган документ дароо либералдык ЖМКларда тарады. Ошол эле учурда Европарламентте альтернативалуу пикирлер да айтылганы көз жаздымда калды. Маселен, Европарламенттеги франциялык депутат Тьерри Мариани кесиптештерине Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүдөн мурда, бул маселени бир аз болсо да түшүнүп алууну сунуштады.
«Эми Кыргызстандын европалык неоколониализмдин бутасына айлануусуна кезек келди окшойт. Парламент элдердин эгемендигинин негизги принцибине дагы бир жолу шек келтирип жатат. Бул дебатта Евробиримдик өз өлкөсүндө добуштарды сатып алуу боюнча айыпталып жаткандарды курмандык катары тандап алды. Брюсселдеги «Катаргейт» болобу же Кыргызстандагы окуялар болобу, социалисттер коррупциялык чыр-чатактарга аралашканы көп кездешет. Ачыгын айтканда, биздин талкууларыбыз элдердин ортосундагы өз ара урматтоонун жана кызматташтыктын духуна туура келеби? Страсбургдан биз демократиялык мамлекет болгон Кыргызстандын ички чечимдерин сөз кылып, жадакалса комментарий берүүгө укугубуз барбы? Андай эмес экенине мен бекем ишенем. Мамлекеттердин жана элдердин суверенитетин урматтоо ар кандай башка принциптерден жогору турушу керек. Башка өлкөлөрдүн ички иштерине саясий кийлигишпөө принциптерин такай бузуу менен биз демократиянын жана адам укуктарынын коргоочусу боло албайбыз. Европа биримдиги барган сайын өзү алыс болууга аракет кылган интервенционисттик жана неоколониалдык державага айланып бара жатат», - деди Тьерри Мариани Страсбургдагы Европарламенттин жыйынында.
Европа элитасынын адекваттуу өкүлдөрүнүн үнү өнүгүү жолун тандап алууда жана эл аралык мамилелерде суверендүү чечимдерди кабыл алган жана өз алдынча чечим чыгарган мамлекеттерди тандалма дискредитациялоого багытталган баяндоолорго батып калганын өкүнүч менен гана айтууга болот. Кыргызстанга карата орунсуз шек келтирүүлөргө адегенде Тышкы иштер министрлиги жооп кайтарып, андан кийин Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү – бул эң рационалдуу мамиле эмес экенине дагы бир жолу көңүл бурду. Анын үстүнө демократиянын стандарттарын үйрөтүүнүн шылтоосу, жымсалдап айтканда күмөндүү. Социал-демократтар эч жерде эсепке алынбаган акчаны таратканы үчүн кармалышты, ал эми шайлоочуларды сатып алуу - бул кылмыш. Тергөө муну фактылар менен тастыктап, акча каражаты «колдоочуларды каржылоого» багытталгандыгын аныктады, эми социал-демократтардын тагдырын сот гана чечет.
Буга байланыштуу Садыр Жапаров Курултайдын делегаттарынын алдында сүйлөп жатып, Кыргызстанда мындан ары бардык нерсе мыйзам чегинде гана болорун, бир нерседен күмөн санаган чет элдик өнөктөштөр өздөрү чыгарып берген документтердин мазмуну көп учурда иштин чыныгы абалы менен дал келбейт экенин дагы бир жолу түшүнүшү үчүн бизге конокко келсе болорун белгиледи.
"Социал-демократтар партиясын колдоо жана Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча резолюция кабыл алган Европарламенттин депутаттарына кайрылып кетким келип жатат. Мен сиздерге берчү жоопту өзүңүздөрдүн эле кесиптешиңер, Франциянын депутаты Тьерри Мариани берип койду. Ал кесиптештерин бир тараптуу пикирлерди таратпоого, фактыларга таянууга чакырды. Миңдеген чакырым алыстыкта туруп, колуңуздарда бир да документ жок болсо, кантип чечим кабыл алганыңыздарды түшүнбөйм. Кесиптешиңиздер дагы ушундай деди.
Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо Социал-демократтар партиясы добуш сатып алуу үчүн 1,5 млн сом таратканы үчүн кармалган. Мунун баары далилденген. Алар 69 үгүтчү жалданып, анын 44ү расмий каттоодон өткөн эмес, аларга тымызын акча берген. Бул да добуш сатып алуу. Бул кылгандары үчүн биз алардын баштарынан сылашыбыз керекпи?
Кыргызстан үч революцияны башынан өткөрдү, анын баары шайлоонун натыйжасынан болгон. Борбордук шайлоо комиссиясына биз 2 млрд сомго жаңы жабдууларды сатып алдык. Добуш берүү дагы да ыңгайлуу болот. Биз үйдөн добуш бере турган деңгээлге жетебиз. Бирөөнүн добушу жоголуп кетпегендей болот.
Бир гана жагдай бар – добушуңарды сатпагыла. 30 жылдан бери ушинтип добуштарды сатып алуу оорусуна чалдыккан саясатчылардан, партиялардан кутулууну каалайбыз.
Сиздер абалды билбей туруп, биз тууралуу айтып жатасыздар. Келиңиздер, бул жерде баары кандай ишерин көрүңүздөр. Биз силер мурда басып өткөн жолдон эми гана өтүп жатканыбызды унутпаңыздар. Биз силердей болуп өнүгүүгө умтулабыз. Биз бири-бирибизге душман эмеспиз. Мен муну жаман ниет менен айтып жаткан жокмун. Биз эгемендүү өлкөбүз. Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү суранам. Биз бардык мамлекеттер менен кызматташууга даярбыз”, -деди Садыр Жапаров.
Шайлоо жана өлкөнүн ички иштерине байланышкан бардык маселелерди Кыргызстан эгемендүү өлкө катары өзү чечет. Мамлекет улуттук мыйзамдардын, жарандардын кызыкчылыктарынын жана демократиянын принциптеринин негизиндерине таянат.
Шайлоого жана өлкөнүн башка ички иштерине байланышкан бардык маселелерди, жарандардын таламдарын демократиянын принциптерин жетекчиликке алуу менен улуттук мыйзамдарга таянып, Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары өзү чечет.
Ошол эле учурда мамлекет башчы Кыргызстанда шайлоо процедуралары мүмкүн болушунча ачык-айкын болуп калганын баса белгилейт. Электрондук добуш берүү жана автоматтык түрдө таануу системасы “каруселдерди” – башкача айтканда, ар кайсы шайлоо участкаларында бир нече жолу добуш берүүнү, жасалма бюллетендерди таштоо жана башка мыйзам бузууларды жокко чыгарат. Бир сөз менен айтканда, демократия эчак орноп калды деп эсептелген өлкөлөр да үйрөнө турган нерселерибиз көп. Ошол эле учурда негизги принциптерди сактоодон тышкары, Кыргызстан жаман үлгүлөрдү ээрчибейт жана башкалардын ишине кийлигишпейт.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий