Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономикалык өнөктөштүктү талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Стамбул шаарында 24-25-июнда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Санариптик экономикадагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун долбоору талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандан Экономика министрлигинин эксперттери жана Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү катышты.

Белгиленгендей, ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы Санариптик экономикадагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу долбоорунун негизги максаты электрондук коммерция чөйрөсүндө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Эксперттик отурумдун жыйынтыгы боюнча ТМУ мүчө мамлекеттердин ортосундагы Санариптик экономикадагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун долбоорунун драфты даярдалды. Ал ТМУ мүчө мамлекеттердин кезексиз министрлик отурумунда бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий