• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан Түркияга кургатылган жемиштерди экспорттоону көбөйтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Кыргызстан Түркияга кургатылган жемиштерди экспорттоону көбөйтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Күн мурун кургатылган жемиштердин экспортун арттыруу максатында министрликтин Анкарадагы соода өкүлү Чыңгыз Токтобеков менен Ünal Kuruyemiş компаниясынын негиздөөчүсү Өмер Фарук Эрбилдин бизнес-жыйыны өттү.

Анын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү өлкөнүн кургатылган жемиштерди өндүрүүчүлөрүнүн бизнес сунуштарын түркиялык компаниянын кароосуна берүүнү макулдашты.

Эгерде кыргызстандык экспортчулар кызыктар болсо Ünal Kuruyemiş компаниясы жаңсоо, фасоль, чечевица, кургатылган өрүк, кургатылган кара өрүк жана башка кургатылган жемиштерди сатуу боюнча келишимдерди түзүүгө даяр.

Маалымат үчүн: Ünal Kuruyemiş – компаниясы 1956-жылы Анкарада негизделген. Ал кургатылган жемиштерди жана жаңсоолорду өндүрүү жана сатуу менен алектенет. Бүгүнкү күндө компания Түркия боюнча 60 филиалга ээ жана Европа өлкөлөрүндө даны бир нече филиалдары бар. Компанияда 300дөн ашык адам эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий