• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстан Түркмөнстан менен соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев 10-11-сентябрда Ашхабадда өткөн Түркмөн инвестициялык форумуна катышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Форумдун алкагында Назарбек Малаев Кыргызстандын элчилигинин көмөгү менен Түркмөнстандын министрлер кабинетине караштуу Транспорт жана коммуникациялар агенттигинин башкы директору Мамедхан Чакыев, финансы жана экономика министринин орун басары Бабанияз Ялаков, энергетика министринин орун басары Сердар Сапаров, "Түркменнебит" мамлекеттик ишканасынын төрагасы Гуванч Агаджанов жана Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Атагелди Халжанов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын кеңири чөйрөсү, анын ичинде соода, энергетика, өнөр жай, инвестиция, транспорт жана башка тармактардагы өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.

Тараптар соода жана транзит жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча ишти активдештирүү, ошондой эле товар жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн потенциалды жогорулатуу жана товарларды транзиттөөдө жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча практикалык чараларды көрүү зарылдыгын белгилешти. Ошол эле учурда эки өлкөнүн бизнеси үчүн шарттарды жакшыртуу максатында тараптар транспорттук, транзиттик, визалык жыйымдарды унификациялоо механизмдерин кароо жана киргизүү, экспорттук, импорттук жана транзиттик операциялардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, жүк ташуучулар тарабынан виза алуу жана визалардын колдонуу мөөнөтүн 1 жылга чейин узартуу үчүн тармактык министрликтердин жана ведомстволордун катышуусу менен бир катар онлайн кеңешмелерди өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле бизнести биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берүү максатында тараптар биргелешкен инвестициялык өнүктүрүү фондун түзүү, Кыргызстандын аймагында "Түркмөнстан" ишкер борборун жана курорттук-рекреациялык объектти куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча ишти күчөтүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары, тараптар Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын жана мунай заттарын экспорттоо маселелерин талкуулашты.

Маалымат үчүн: Түркмөн инвестициялык форумунун күн тартибине Түркмөнстандын инвестициялык потенциалы, регионалдык энергетикага өтүүдөгү отун-энергетика секторунун ролу, транспорттук байланыш жана туруктуулук, экономиканы диверсификациялоо, санариптик трансформация, акылдуу айыл чарбасын жана жашыл экономиканы өнүктүрүү, МЖӨ кирди.

Кыргыз тараптын Форумга катышуусу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга жана ошондой эле 2024-жылдын 24-25-июлунда Чолпон-Ата шаарында өткөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий