• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан турак жай куруу боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен 1-орунга чыкты

Экономика 0


Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы курулуш тармагы 137% өсүп, 2 млн 027 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Ал эми 31,1% менен ЕАЭБде 1-орунга чыкты.

Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, республикалык бюджеттин эсебинен жалпы 230 социалдык объекттин курулушу аяктап, 131 калктуу конуштун башкы планы бүткөрүлдү.

Курулуш лицензиясын алуу жеңилдетилип, мунун эсебинен бюджет 70 млн сомго толукталды. Сыноо техникалык базасы жаңыланды, өлкөбүздүн инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн бир канча чет өлкөлүк курулуш эрежелери кабыл алынды жана жалпы системага санариптештирүү киргизилди.

Ошондой эле жаңы ипотекалык үйлөр, стадион, автобекеттер курулду.

Пикир

Оставить комментарий