Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Туруктуу өнүгүү боюнча 2023-жылдагы отчетуна (2023-жылдагы Туруктуу өнүгүү боюнча отчет) ылайык, Туруктуу өнүктүрүү максаттары боюнча Кыргызстан изилденген 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду (74,4 балл) ээледи.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, рейтинг боюнча Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууда алдыңкы өлкөлөр Финляндия, Швеция жана Дания болду.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргыз Республикасынан кийин Россия Федерациясы (49-орун), Армения Республикасы (56-орун) жана Казакстан Республикасы (66-орун) турат. Рейтингде 34-орунду ээлеген Беларусь Республикасы гана жогорураак деңгээлге ээ.
Бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле, Кыргыз Республикасы да 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн глобалдык Күн тартибин ишке ашырууга умтулат жана жетишилген натыйжа Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү бекем ниетин ырастайт.
Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу башталгандан бери Кыргыз Республикасы бир катар маанилүү эл аралык келишимдерди, анын ичинде БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын жана Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялады, алар прогрессти тездетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Белгилей кетчү нерсе, биздин өлкө бир катар көрсөткүчтөр боюнча олуттуу жылыштарды көрсөттү, бул бара-бара өнүгүүнүн оң тенденциясын чагылдырат.
Ошентип, ТӨМ 1ге ылайык, Кыргыз Республикасы өтө жакырчылыкты жоюуга жакындап калды, учурда 35 миңге жакын адам өтө жакырчылыктын чегинде жашайт жана 2021-жылы өтө жакырчылыктын деңгээли 6%ды түздү.
Эл аралык жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган калктын кирешеси күнүнө 1,9 доллардан (сатып алуу жөндөмдүүлүгү паритети) өтө аз (2021-жылы 0,08%).
ТӨМ 2ге ылайык, Кыргыз Республикасында арыктоо жана жетишсиздик көрсөткүчтөрү биологиялык ченемдин чегинде жана балдардын бардык топтору үчүн 5%дан ашпайт. Тамактануунун жетишсиздигинен 5 жашка чейинки балдардын 2%ында дене салмагынын аздыгы байкалган. Ошол эле учурда, бир жарым жашка чейинки балдар үчүн аз дене салмагынын көйгөйү көбүрөөк мүнөздүү.
2013-жылдан баштап мектеп окуучуларынын рационалдуу тамактануусун уюштуруу үчүн мектепте тамактанууну оптималдаштыруу программасы ишке ашырылууда. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу менен мектептерде толук кандуу ысык тамак уюштурууга шарттар түзүлүүдө. Республиканын 2333 мектебинин ичинен 1784 мектепте (76,4%) ысык тамак уюштурулган.
ТӨМ 3 боюнча, 2013-жылга салыштырмалуу 2022-жылы балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү 27,9%га, ымыркайлар 25,6% га азайганы белгиленген.
Акыркы жылдарда энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү төмөндөө тенденциясына ээ болуп, 2021-жылдын аягында 33,3 (2015-жылы 38,5) чейин төмөндөгөн. Далилдүү перинаталдык жардам көрсөтүүнүн алдыңкы технологияларын киргизүү боюнча көрүлгөн кадамдардын аркасында энелердин өлүмүнүн туруктуу төмөндөө тенденциясы байкалды, бул алдыга коюлган максаттарды келечекте жетишээрлик деп эсептөөгө мүмкүндүк берет.
Неонаталдык өлүмдүн көрсөткүчүн 2015-жылга салыштырмалуу 15% (2015-ж. - 14; 2021-ж. - 1000 тирүү төрөлгөнгө 11,9), ал эми балдардын өлүмүн - 16,7 пайызга (2012-жылы - 21,5, 2021-жылы – 1000 тирүү төрөлгөнгө 17,9) кыскартууга мүмкүн болду. Учурда балдардын 95%дан ашыгын эмдөө менен камтуу деңгээлин сактоо менен калктын эмдөөгө жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды. Натыйжада жугуштуу жана мите оорулардан ымыркайлардын өлүмүнүн үлүшү 2%га жакынды гана түздү.
2015-2021-жылдары Кыргыз Республикасында жол-транспорт кырсыктарынан каза болгондордун саны 100 миң калкка 15,6дан 12,6га чейин кыскарган.
ТӨМ 4 боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын саны 2000-жылдагы 46 миңден 2022-жылы 199 миңге же 4,3 эсеге өскөн. Ошол эле учурда сабаттуулук деңгээли жогорку деңгээлде сакталып, 99,7%ды түзөт (2019-жылдын маалыматтары).
ТӨМ 5 алкагында гендердик теңчилик боюнча шаар жеринде аялдардын саны басымдуулук кылат, алардын үлүшү 52,4%ды, ал эми айыл жеринде эркектер басымдуулук кылат – 50,7%
2021-жылдын башында 90 депутаттын ичинен 19 аял же 21% мандат алган. 2021-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча депутаттардын 38% аялдар болгон. Алсак, жергиликтүү деңгээлдеги аял депутаттардын саны 2012-жылга (9%) (2021-37,8%) салыштырмалуу 4 эсеге көбөйдү.
2021-жылы ТӨМ 6 алкагында таза сууга жана канализацияга жеткиликтүүлүк боюнча 2015-жылга салыштырмалуу таза ичүүчү сууга жетүүнүн жалпы деңгээли 6%га өсүп, 95,1%ды түздү.
Калктын коопсуз башкарылуучу санитардык кызматтарды, анын ичинде самын жана суу менен кол жуугучтарды колдонгон үлүшү 2020-жылы 97,9%ды түздү.
2021-жылга ТӨМ 7 ишке ашыруунун алкагында электр энергиясына жетүү багытында республиканын калкынын 100%ы электр энергиясы менен камсыз болду.
Ошол эле учурда 2021-жылга энергиянын жалпы керектөөсүндө кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшү 31,8%ды түзөт.
ТӨМ 8ге ылайык, ИДПнын оңдолгон өсүшү 3,6 б.б. 2021-жылы жумушсуздуктун деңгээли 2021-жылы 5,3% түздү.
Инфраструктурага жеткиликтүүлүк боюнча 9 ТӨМгө ылайык 2021-жылы айыл калкынын асфальтталган жолдорго жеткиликтүүлүгүнүн деңгээли 60,8% түздү. Мында калктын дээрлик бардык бөлүгү (98,8%) мобилдик түйүндөр камтылган аймакта жашайт. Ошол эле учурда калктын 96%ы жогорку ылдамдыктагы интернетке (4G) кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
ТӨМ 10ду ишке ашырууда теңсиздикти азайтуу үчүн 2020-жылга Джини коэффициенти 29,0 баллды түзсө, Палм коэффициенти 1,1 баллды түздү.
Жооптуу керектөө жана өндүрүү багытында (ТӨМ 12), 2018-жылдын инвентаризациясынын жыйынтыгы боюнча республикада 406 полигон бар (санкцияланган - 107), алар болжол менен 616 306 га аянтты ээлейт.
Морфологиялык курамы боюнча шаарларда калдыктардын негизги пайызын желим (21%) жана тамак-аш калдыктары (20%) түзөт, айыл жеринде коммуналдык калдыктардын жалпы курамынын 49%ын органикалык калдыктар түзөт.
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн алкагында төмөнкү көрсөткүчтөр көрсөтүлгөн: 2021-жылы СО2 газынын калдыктарын күйгүзүүдөн жана цементти өндүрүүдө 1,4 (киши башына тСО2) түздү. Ошол эле учурда, казылып алынган отундарды экспорттоо менен байланышкан CO2 эмиссиясы 202,9 (адам башына кг) түздү.
ТӨМ 15ти ишке ашыруу максатында жер үстүндөгү экосистемаларды сактоо максатында Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы түзүлдү, анын жалпы аянты өлкөнүн бардык аянтынын 7,38%, анын ичинде 10 мамлекеттик коруктар, 13 мамлекеттик жаратылыш парктары жана 64 жаратылыш коруктары.
Кыргыз Республикасы сейрек токойлуу аймактарга кирет: токойлор негизинен тоо плантациялары менен камтылган, ар түрдүү жана баалуу түрлөргө бай. Кыргыз Республикасынын бардык токойлору коргоого алынган. Токойлуу аймак өлкөнүн жалпы аянтынын 5,6% (2021-жылдагы эл каттоо боюнча) түзөт, ал эми токой плантацияларынын 90%ке жакыны деңиз деңгээлинен 700-2500 м бийиктикте жайгашкан.
ТӨМ 16 үчүн эффективдүү институттарды илгерилетүү алкагында, 2018-жылдын жыйынтыгы көрсөткөндөй, туулгандыгын каттоонун өтө жогорку деңгээлине жетишилди, ал 98,9%ды түздү. 2018-жылы каттоо системасын автоматташтыруу, жаңы төрөлгөн ымыркайга туулгандыгын каттоо учурунда улуттук идентификациялык номерлерди берүү жана «Сүйүнчү» программасынын алкагында бала төрөлгөндө ата-энелик жөлөкпулдарды төлөө аркылуу 2018-жылы туулганды каттоо көрсөткүчтөрү кыйла жакшырды.
ТӨМ 17 алкагында туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүктү илгерилетүү үчүн мамлекеттик бюджетте күчтүү социалдык багыт бар, бюджеттик чыгашалардын дээрлик жарымы (2021-жылы 48,9%) билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармагындагы негизги кызматтарды каржылоого багытталган. 2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелери (финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды кошкондо) ИДПга карата 37,4% деңгээлинде болгон. Статистикалык натыйжалуулуктун индекси 2022-жылы 81,5 п.п. түздү.
Биз азыр 2030-жылга чейинки күн тартибине карай жарым жолдобуз жана ушул этапта Министрлер кабинети кызыкдар тараптар менен бирге жетишилген прогрессти карап чыгууда жана ТӨМ прогрессин тездетүү үчүн артыкчылыктарды талкуулоодо.
Кыргыз Республикасы 2023-жылга карата Туруктуу өнүгүү боюнча отчетто 45-орунга жеткени менен сыймыктанат. Бул бизди Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн иштөөнү улантууга жана келечекте жогорку кызматтарга умтулууга, туруктуу өнүгүүгө жетишүү жана жарандарыбыз үчүн жакшы келечекти түзүү үчүн инновациялык жана эффективдүү ыкмаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга үндөйт.
Пикир
Оставить комментарий