Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Бишкек шаарындагы климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун кеңейтилген жыйыны өттү. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара БУУӨПтүн "Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялык чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптациялык планды иштеп чыгуу процессин илгерилетүү" долбоорунун алкагында уюштурулган.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар климаттык статистика жана маалыматтар, климаттык каржылоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча нормативдик-укуктук базаны иштеп чыгуу боюнча долбоордун негизги жыйынтыктарын талкуулашты.
Мындан сырткары, саламаттык сактоо, айыл чарба, биоартүрдүүлүк, өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин башкаруу, шаарларды өнүктүрүү жана энергетика сыяктуу секторлордун климаттык коркунучтары талкууланды.
УАП долбоорунун негизги жыйынтыктары:
1. Адаптацияны пландаштыруу жана УАПты иштеп чыгуу үчүн институционалдык механизмдерди бекемдөө;
2. Саламаттыкты сактоо, биоартүрдүүлүк, айыл чарба жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин башкаруу сыяктуу приоритеттүү секторлорго адаптациялык чараларды интеграциялоо;
3. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары үчүн пландарды камтыган аймактык деңгээлде адаптациялык потенциалды бекемдөө.
Ошондой эле жыйын мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана эксперттердин өкүлдөрүн бириктирип, КР өкмөтү тарабынан бирдиктүү УАПты иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулоо үчүн аянтча болуп берди.
Маалымат үчүн: УАП – климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатууга жана коом менен косистеманын климаттык аялуу коркунучтарын азайтууга багытталган стратегиялык документ. Анын кабыл алынышы негизги аялуу секторлордо адаптациялык чараларды системалуу түрдө киргизүүгө жана эл аралык каржылоону тартууга шарт түзөт. Бул калктын саламаттыгын коргоого, табигый ресурстарды сактоого, шаарларды өнүктүрүүгө жана азык-түлүк менен энергетикалык коопсуздукту жакшыртууга көмөк көрсөтөт.
Пикир
Оставить комментарий