• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан Улуттук банкы менен Кытай Эл банкынын кызматташтыгын арттыруу маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 23.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Кытай Эл банкынын төрагасынын орун басары Чжан Цинсун менен жолугушту.

Кыргызстандын башкы финансылык көзөмөл органынан билдиришкендей, жолугушуу Пекин шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын 16-жыйынынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан Улуттук банкы менен Кытай Эл банкынын ортосунда борбордук банктардын ишкердик чөйрөсү жагында эки тараптуу кызматташууну арттыруу маселелерин, ошондой эле Кыргызстандын коммерциялык банктарынын Кытай банктары менен кызматташуу, анын ичинде өз ара корреспонденттик эсептерди ачуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев жана экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышты.

Пикир

Оставить комментарий