• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан Венада эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өткөрөт

Экономика 0

Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-11-июнда Венада Кыргызстан тарабынан уюштурулган эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, форум ГЭСтерди куруу үчүн финансылык ресурстарды тартуу максатында өткөрүлөт.

"Форумдун алкагында биз келечектеги долбоорлордун макеттерин даярдадык. Ага Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан энергетика министрликтеринин башчылары, андан тышкары ири инвесторлор катышат. Форумдун алкагындагы негизги долбоор Кыргызстандагы эң ири долбоорлордун бири – Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун бет ачары болмокчу. Форум бул долбоорду илгерилетүү үчүн жакшы аянтча болуп калат деп ишенебиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий