• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга 49 жылга ижарага берди

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты 49 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берүү жөнүндө Кыргызстандын өкмөтү менен түзүлгөн макулдашууну бекитти. Бул тууралуу Фергана агенттиги жазды.

Маалыматта белгиленгендей, макулдашууга 2024-жылдын 18-июлунда кол коюлган. Документте өзбек инвесторлоруна “Золотые пески”, “Дилором”, “Рахат” пансионаттарын жана толук курулуп бүтө элек “Бустон” объектиси узак мөөнөткө колдонууга, ал эми жер ижарага берилет. Бул үчүн инвесторлор объекттерди үч-төрт жылдыздуу кылып реконструкциялап чыгат. Пансионаттардын кызматкерлеринин 80%ы Кыргызстандын жарандары болуусу шарт.

- “Золотые пески” пансионаты “Ташкент механикалык заводу” акционердик коомуна берилүүдө;
- “Дилором” пансионаты “Асакабанк” акционердик коомуна;
- “Рахат” пансионаты “Өзбекстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн Улуттук банкы” акционердик коомуна;
- курулушу бүтө элек “Бустон” объектиси “Узпромстройбанк” акционердик коомуна өткөрүлөт.

Инвестициянын болжолдуу суммасы ар бир объектке 15-20 млн АКШ долларын түзөрү айтылууда.

1959-1967-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Совети Ысык-Көлдө пансионаттарды куруу үчүн Өзбекстанга жер бөлүп берген.

2016-жылдын 4-апрелине чейин Өзбекстан тарабынан башкарылып келген жогорудагы объекттерди, Кыргызстан 2016-жылы өзүнүн балансына кайтарууну чечкен. Өзбекстан жоготуулардын ордун толтурууну талап кылып, эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. 2023-жылы арбитраждык сот Кыргызстанды дээрлик 40 млн доллар төлөп берүү чечимин кабыл алган.

Бирок эки мамлекеттин башчыларынын саясий эркинин аркасында бул маселени тынчтык жолу менен чечүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Жыйынтыгында 2023-2024-жылдары келишимдер түзүлүп, ага ылайык бөлүнгөн жерге салынган пансионаттардын имараттары Өзбекстанга 49 жылга пайдаланууга берилген. Буга байланыштуу өзбекстандык инвесторлор “Дилором” жана “Рохат НБУ” пансионаттарын реконструкциялоого 5 млн доллардан ашык каражат жумшашкан.

Белгилей кетсек, пансионаттарды реконструкциялоо боюнча Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу өзбек инвесторлорунун катышуусу менен инвестициялык кызматташууну дагы жогорулатууга кошумча түрткү берет, көбүрөөк капиталды талап кылган жана ири масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор үчүн оң натыйжасын көрсөтөт.

Совет мезгилинде курулган объектилерди реконструкциялоонун эсебинен республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык түшүүлөр көбөйөт, жаңы жумуш орундары түзүлөт, чет элдик туристтердин агымы көбөйөт, анын арты менен жергиликтүү компаниялар менен ишкерлер өз бизнесин өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Маселен, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдө, кафе, ресторан, оюн-зоок индустриясы, жергиликтүү чарбалардан продукцияларды жеткирүүдө иш дагы жанданат.

Пикир

Оставить комментарий