• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Кыргызстан – Өзбекстан: достук мамилени чыңдоого өбөлгө болгон медиа кызматташтык

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттеринин пресс - кызматтарынын демилгеси менен уюштурулган пресс-турдун алкагында кыргызстандык журналисттер Өзбекстанга барышты.

Кыргызстандан барган маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директору Асаджон Ходжаев өз жамааты менен тосуп алышты.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын алкагында пресс-тур уюштуруу боюнча бул демилге тез арада ишке ашып, үстүбүздөгү жылдын август айында Өзбекстандан Кыргызстанга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келишкен. Мында өзбекстандык журналисттер Кыргызстандын кооз туристтик аймактарын кыдырып, каада-салт, маданияты менен таанышып, эки элдин ортосундагы окшоштуктарды баамдашкан. Бул иш-чара коомдук пикир жаратып, бүгүнкү күндө элдин үнү болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө, достук мамилени чыңдоого багытталган.
Кыргызстандан барган медиа тармагынын өкүлдөрү пресс-турдун алкагында Өзбекстандын Самарканд шаарындагы тарыхый жайларга, Өзбекстандагы эле эмес, Орто Азиядагы чоң базарлардын бири болгон “Чорсу” базарына жана “SEVIMLI TV” жана “ZO’R TV” телеканалдарына барышып, алардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан өлкөлөрүнүн эли бекем байланышта жана достук мамиледе жашап, мамлекеттик деңгээлде эки тараптуу өз ара пайдалуу жана жемиштүү кызматташтыгыбыз уланууда.

Пикир

Оставить комментарий