• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстан - Өзбекстан футбол беттеши. Биз болгон күч-аракетибизди жумшайбыз – Кичин

Спорт 0

Бишкек, 09.09.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын жана команданын капитаны Валерий Кичиндин катышуусунда оюн алдындагы басма сөз жыйын болуп өттү.

Өз сөзүндө кураманын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын Иран менен болгон беттештен кийин команда калыбына келүү этабында экенин белгиледи.

"Толук кандуу даярдык көрүү үчүн убакыт аз болду, бирок биз Өзбекстандын курама командасын жакшылап изилдеп чыктык. Оюнга даярдаган айрым тактикалык даярдыктар бар", — деп билдирди башкы машыктыруучу.

Ошондой эле Лисицын келечекте команда жаңылана турганын, бирок бул процесс акырындык менен ишке ашарын белгиледи.

Өз кезегинде команданын капитаны Валерий Кичин ар бир спортчу үчүн калыбына келүү үчүн жетиштүү убакыт болушу маанилүү экенин кошумчалады.

“Бирок азыркы шарттарда команда оюнга максималдуу түрдө даярданууга аракет кылып жатат. Оюн биздин канчалык калыбына келгенибизди көрсөтөт, бирок биз болгон күч-аракетибизди жумшайбыз", - деп белгиледи Кичин.

Эске салсак, оюн эртең, 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт.

Оюндун башталышы — 21:00дө.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын улуттук курама командаларынын ортосундагы беттешти Кувейттен келген калыстар тобу тейлейт.

Пикир

Оставить комментарий