Ташкент, 23.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 3 599 тонна помидор экспорттогон. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, жыл башынан бери Өзбекстан чет өлкөлөргө 36,5 млн долларлык 41 миң 257 тонна помидор экспорттогон.
Тактап айтканда, өзбек помидорунун эң көп экспорту Россияга (31 994 тонна), Казакстанга (5 515 тонна) жана Кыргызстанга туура келген.
Мындан тышкары, Өзбекстан Бириккен Араб Эмираттарына 120 тонна, дагы башка өлкөлөргө 29 тонна помидор жеткирген.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында экспортту колдоо жана сертификаттарды таануу боюнча жана жер жемиштери, жашылчалар жана мал чарба продуктылары үчүн "жашыл коридорду" түзүү боюнча эки тараптуу макулдашуу бекитилген.
Пикир
Оставить комментарий