• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын сата баштады

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Кыргызстан жай мезгилинде Өзбекстанга электр энергиясын сатууну улантат. Бул тууралуу “Электр Станциялар” ишканасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган ишкана менен “Өзбекэнерго” ишканасынын ортосундагы келишимдин негизинде электр энергиясынын экспорту 8-июндан тарта башталды.

Август айына чейин 500 миллион кВт. саат энергия сатылмакчы. 1 киловатт саат электр энергиянын баасы 2 цент деп аныкталган.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү коңшу өлкөгө электр жарыгын сатууга мүмкүнчүлүк берерин кыргыз энергетиктери билдирип жатат.

Пикир

Оставить комментарий