• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстан өзгөчө статусу бар калктуу конуштардын тизмесин жана ага киргизүү критерийлерин кайра карап чыгат

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев КР өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын тизмесин аныктоо жана бекитүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө айрым чек арадагы калктуу конуштарга өзгөчө статус берүү боюнча мамлекеттик органдардын сунуштары талкууланды.

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовдун айтымында, мамлекеттик органдар тарабынан 73 калктуу конуш боюнча сунуштар киргизилсе, алардын 57си гана милдеттүү критерийлерге жооп берет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ведомстволор аралык комиссиянын өкүлдөрүн калктуу конуштарды тандоодо кылдаттык менен мамиле кылууга чакырып, бул маселеге чынчылдык менен мамиле кылынбаган учурда тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасына кызматтык кат берилээрин белгиледи.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев чек арага жакын жайгашкан өзгөчө статусу бар калктуу конуштардын тизмесине киргизүү критерийлерин карап чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, 2011-жылдын 26-июлундагы N 145 “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында өзгөчө статусу бар ак чек ара аймактарынын тизмеси бекитилген, ага 132 айыл жана 10 участок кирген.

Пикир

Оставить комментарий