• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан жана Колумбиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Колумбиянын тышкы иштер министри Луис Гилберто Мурильо менен жолугушту.

КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өттү.

Жолугушууда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган төртөө чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин берүү жөнүндө чечими тууралуу маалымат берди. Шайланып калган учурда, Кыргызстан биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө ээ болорун баса белгилеп, бул органда чакан мамлекеттердин болушунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ушуга байланыштуу Кулубаев Кыргызстандын талапкерлигин колдоону өтүндү.

Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо максатында министр Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министрликтеринин ортосунда министрлердин орун басарларынын же департаменттердин жетекчилеринин деңгээлинде консультацияларды өткөрүүнү, андан кийин тышкы иштер министрлеринин иш сапарларын уюштурууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий