Кыргызстан жана Өзбекстандын маданият министрлеринин орун басарлары жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Өзбекстандын маданият министринин орун басары Авазхон Тажиханов менен жолукту.

КР Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Чыңгыз Эсенгул уулунун Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы иш сапарынын алкагында орун алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чыңгыз Эсенгул уулу эки өлкөнүн маданий мамилелеринин өнүгүүсүнүн динамикасын белгилеп, буга Кыргызстан менен Өзбекстандын искусство ишмерлеринин гастролдорунун жигердүүлүгүн мисал кылды.

Өз кезегинде, Авазхон Тажиханов мамлекет башчыларынын аракетинин жана колдоосунун аркасында эки өлкөнүн министрликтеринин алдына коюлган милдеттерди алдыга жылдыруу жана бекемдөө боюнча чоң иштер жүрүп жатканын ырастады. Ал үстүбүздөгү жылдын июль айында өтчү Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүн уюштурууда өзбек тарап ар тараптан колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында Өзбекстанда кыргыз кино күндөрү, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин көркөм көргөзмөлөрү, дизайнерлердин мода көрсөтүүлөрү, эки мамлекеттин интеллигенция өкүлдөрүнүн жолугушуулары жана искусство чеберлеринин гала-концертин өткөрүү пландалган.

Ошондой эле кыргыз делегациясы Өзбекстандын Маданият министрлигинин жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Өзбекстандын маданият тармагындагы алдыңкы театр оюн-зоок мекемелеринин жана окуу жайларынын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий