• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кыргызстан жасалма интеллектти өздөштүрүү жана пайдалануу багытында жигердүү иш алып барууда

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. “Жасалма интеллект боюнча түрк мамлекеттеринин форумунда санариптештирүү процессинин этаптары, жасалма интеллектти колдонуу жана аны укуктук жактан жөнгө салуу маселелери талкууланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров билдирди.

Анын айтымында, жасалма интеллектти колдонууда этика, укук жагынан бүгүнкү күндө көп суроолор жаралууда.

“Форумдун алкагында жасалма интеллектти колдонуунун мыйзамдык-укуктук базасы боюнча суроолор жогорку деңгээлде талкууланып, панелдик дискуссиялар өтөт. Бул биринчиден түрк мамлекеттеринин арасында жасалма интеллектти колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу болуп саналат. Азыр жасалма интеллектти колдонуу менен санариптештирүү процесстери өтө тездик менен өнүгүп жаткандыгына байланыштуу тажрыйба алуу, өлкөлөр арасында бөлүшүү менен бир деңгээлге чыгуу башкы максат”, - деди Чубак Темиров.

Жасалма интеллектти колдонуудагы укуктук камсыздоодо, санариптик процесстерди өнүктүрүү багытында бирдиктүү иштөө, бир деңгээлге чыгуу маанилүү экендиги баса белгиленип, жасалма интеллектти колдонуудагы өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан иштерге басым жасалды.

“Кыргызстан жасалма интеллектти колдонууда чоң ийгиликтерге жетишип жатат. Бизде жеке компаниялар, мамлекеттик уюмдар бул тарапта көп иштерди жүргүзүп жатышат. Жеке тармакты алсак, мисалы кыргыз тилинде сүйлөй турган алгачкы “акылдуу” колонкабыз пайда болду. Мамлекет тарабынан да бул багытта көп иштер жүргүзүлүп жатат. Биз өз жетишкендиктерибиз менен бөлүшүп, келген башка өлкөлөрдөн тажрыйба алууга жетишмекчибиз”, - дейт Темиров.

Ошондой эле, форумдун алкагында мастер-класстарда жана воркшоптордо маалыматтык технологиялар чөйрөсүн иштеп чыгуучулардын командалары өздөрүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатып, жаңы алдыңкы технологиялар жана чечимдерди иштеп чыгуу ыкмалары менен тааныша алышаары кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий