• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Кыргызстан жаштардын глобалдык “Hope Network” түйүнүн түзүү иш-чарасына катышты

Коом 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Бахрейнде жаштардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган “Hope Network” глобалдык түйүнүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр чогулуп, алардын арасында Кыргызстандын делегациясы да бул эл аралык демилгени колдоп, активдүү катышты.

“Hope Network” жаштарга үмүт берип, алардын укуктарын кеңейтүүгө жана мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган эл аралык аянтча түзүүнү көздөйт.

Глобалдык чакырыктар шартында бул долбоор жаштардын аракетин жана максаттарын колдоп, келечекке умтулууга шыктандырат.

Долбоордун ачылышында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Талас Алыбаев “Hope Network” долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бул долбоор жаштар саясаты тармагында мыкты тажрыйбаларды алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз биргелешкен аракеттер жаштарга өз потенциалын ишке ашырууга жана өз өлкөлөрүндө оң өзгөрүүлөргө активдүү катышууга шарт түзөт деп ишенебиз”, — деди ал.

Белгилей кетсек глобалдык “Hope Network” түйүнү жаштарга колдоо көрсөтүүгө жана алардын максаттарына жетүүсүнө, ошондой эле жеке жана кесиптик жактан өсүүгө тоскоол болгон кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүүчү программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга бурулат.

Пикир

Оставить комментарий