• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан ЖККУнун Тажикстанда өтчү машыгуусуна катышпайт

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тажикстанда өтчү машыгуусуна катышпайт. Маалыматты "Кабар" агенттигине КРнын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан ырасташты.

Мекемеден эмне себептен мындай чечим кабыл алынгандыгын ачыкташкан жок.

Белгилей кетсек, “Рубеж-2022” аскердик машыгуусу Тажикстанда октябрь айында өтөт.

Эске салсак, "Бузулгус боордоштук – 2022" аттуу ЖККУнун машыгуусу 10-14-октябрда Балыкчыда өтмөк. Бирок Кыргызстан өз аймагындагы ЖККУнун кезектеги машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий