• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстан жыл башынан бери 8,7 тонна алтын экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Кыргызстан жыл башынан бери 8 тоннадан ашык алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сегиз айдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында айтылат.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында өлкөбүздөн 639,6 миллион долларга 8 тонна 724,6 килограмм алтын экспорттолгон.
Ал эми өткөн жылдын биринчи жарымында 302 миллион долларлык 4,8 тонна алтын экспорттолгон.

Алтын төмөнкү өлкөлөргө экспорттолду:

  • Улуу Британия - 5 тонна 891,1 килограмм;
  • Гонконг- 1 тонна 848,5 килограмм;
  • Швейцария - 971,5 килограмм;
  • БАЭ - 13,5 килограмм.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-октябрына карата алтындын баасы унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, муну менен тарыхый максимумун жаңырткан. Дүйнөдө алтындын спот базарында баасы биринчи жолу унциясына 2 миң 700 доллардан ашып, бир жума ичинде 2,3 пайызга өстү.

Пикир

Оставить комментарий