Кыргызстан жыл башынан бери канча алтын экспорттоду – статистикалык маалымат

Экономика 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Кыргызстан 2024-жылдын январь-апрель айларында алдын ала маалымат боюнча, 212,2 млн долларга 3121,7 килограмм алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалында айтылат.

Документтердеги маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан 1411,2 килограмм алтын экспорттолгон.

Бул аралыкта алтын төмөнкү өлкөлөргө сатылган:

  • Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1422 кг;
  • Швейцария — 971,5 килограммга жакын;
  • Улуу Британия — 714,6 килограмм;
  • Бириккен Араб Эмираттары — 13,5 килограммдан ашык.

Пикир

Оставить комментарий