Кыргызстан жыл башынан бери мамлекеттик карызды тейлөөгө 30,6 млрд сом бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички жана тышкы карызын тейлөөгө жалпысынан 30 млрд 640,8 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик ички карыз үчүн 10 млрд 6,7 млн сом, ал эми мамлекеттик тышкы карыз үчүн 20 млрд 634,1 млн сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 434 млрд 437,12 млн сомду (5,2 млн доллар) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий