• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 1-июлга карата 102 миңден ашык ККМ аппараттары колдонулууда

Экономика 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 102 миңден ашык контролдук-кассалык машина колдонулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ККМдердин саны үч жыл ичинде 82 миң 586га көбөйгөн.

"Өлкөдө аппараттык ККМ 75 миң 965 жана программалык ККМ 26 миң 86ди түздү. Мындай өсүшкө салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ККМди акысыз негизде таратуу боюнча өнөктүктү бир нече жолу өткөрүүнүн аркасында жетишилди. Ошону менен бирге салык мыйзамдарында жеңилдиктерди берүүнүн жыйынтыгы да оң натыйжаларды көрсөттү", - деди ал.

Ошондой эле Алиев мындан ары да ишкерлерге ККМди колдонууга өтүү боюнча түшүндүрүү иштери улантыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий