• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирусту 1 миң 443 бала жуктурду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-сентябрга карата коронавирусту 1 миң 443 бала жуктурду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрга карата өлкө боюнча 1 жашка чейин 123, 6 жашка чейин 434, 7 жаштан 15 жашка чейин 697 бала коронавируска кабылды. Жалпы 15 жашка чейинки балдар арасында 1 миң 254 учур катталды.

"Ал эми 16-17 жаштагылар арасында 189 бала ооруган. Кыргызстанда илдетке жалпы 1 миң 443 бала чалдыккан", - дейт ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 227ни түзөт. Алардын ичинен 39 миң 426 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий