• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 10 айда темир жол аркылуу 212 миңге жакын жүргүнчү каттаган

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10 айында Кыргызстанда темир жол аркылуу 211 миң 886 жүргүнчү ташылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде эл аралык каттам боюнча 12 миң 617 жүргүнчү жана республиканын ичинде 199 миң 269 жүргүнчү каттаган.

Үстүбүздөгү жылдын жайында Бишкек - Балыкчы каттамы боюнча VIP жүргүнчү ташуучу вагон даярдалган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагон кышкы-жайкы кондиционер системасы, стерео система, телевизор, муздаткыч, Wi-Fi жана башкалар менен жабдылган.

Белгиленгендей, туристтик компаниялардын өтүнүчү менен Балыкчы бекетине бара турган чет элдик туристтик поезддердин курамына Люкс жана VIP вагондору киргизилген. Туристтик поезд Европа жана Америкадан келген туристтер Кыргызстанга 6 жолу каттаган.

Пикир

Оставить комментарий