Бишкек, 06.01.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курч респиратордук вирустук инфекциялар катталууда.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, оор респиратордук инфекцияларга эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бейтаптардан алынган анализдин үлгүлөрү тесттик изилдөөгө жөнөтүлүп жатат.
2024-жылдын октябрь айынан бери 1144 анализ текшерилди, алардын ичинен:
- риновирус - 210;
- респитатордук сенциалдык вирус - 259;
- аденовирус - 105;
- бокавирус - 79;
- парагрипп (1,2,3,4-типтери, негизинен 3-4-типтери) - 98;
- метапневмовирустун 2 учуру аныкталды.
Метапневмовирустун жайылышын алдын алуу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү зарыл:
- колду жуу же антисептикалык каражаттарды колдонуу;
- курч респитатордук вирустук инфекциянын белгилери байкалгандардан алыс болуу;
- Жөтөлгөндө, чүчкүргөндө мурунду, оозду жабуу;
- Курч респитатордук вирустук инфекциялардын көрсөткүчүнүн сезондук жогорулашында беткап тагынуу, коомдук жайларда социалдык аралыкты сактоо керек.
Маалыматтар боюнча, метапневмовирус инфекциясынын козгогучтары 2001-жылы респитатордук ооруга кабылган балдардын канын изилдөө учурунда табылган.
Пикир
Оставить комментарий