• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстанда 11 айда салык жана камсыздандыруудан 270,1 млрд сом чогулду

Экономика 0

Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Малекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 270 млрд 129,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомстводон билдиришкендей, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44,3 млрд сомго көп.

Анын ичинде 203 млрд 801,3 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 2 млрд 962,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35 млрд 637,3 млн сомго көп жыйналды.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 66 млрд 328,6 млн сомду түздү. План 5 млрд 603,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 11 айына салыштырмалуу 8 млрд 747,9 млн сомго көп жыйналды.

Салыштырсак, 2010-жылы чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 36,3 млрд сомду түзгөн, ал эми 2020-жылы жалпы 112,1 млрд сом жыйналган.

Санариптик куралдарды ишке киргизүү салыктык башкарууну жакшыртып жана күчөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Ошондой эле пландалган көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойноду.

Жыйымдардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн маанилүү куралдардын бири болуп электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз эсептелет. Бул система көмүскө экономиканы кыскартууга, базардын бардык катышуучуларынын, анын ичинде сатып алуучулардын кызыкчылыктарын коргоого жана салык процесстерине ачык-айкындуулукту киргизүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий