• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда 1xbet онлайн-казиносунун ишмердүүлүгү мыйзамсыз – Финкөзөмөл

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда 1xbet`ти жарнамалоо үчүн айып пул салынат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, интернет мейкиндиктеринде 1xbet.kg оюн-зоок ишинин субъектиси (букмекердик кеңсе, онлайн казино) катары активдүү жарнамаланып келе жатат.

Белгиленгендей, "Спортс Интертеймант" ЖЧКсына (1xbet) буга чейин букмекердик кеңсе катары иштөө үчүн 2022-жылдын 17-ноябрында сериясы ОИ № 0001 лицензия берилгендигин Финкөзөмөл маалымдайт. Бирок, Финкөзөмөл 2023-жылы 8-сентябрдагы №375 буйругу менен бул лицензияны жокко чыгарган.

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" КР мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Финкөзөмөл эскертет:

— Кыргыз Республикасынын жарандары оюн-зоок жайларынын кардарлары боло албайт;
— оюн-зоок жайларында кумар оюндарына катышкан КР жарандары КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 346-беренесине ылайык:

— Оюн-зоок ишин уюштуруучунун оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу, эгерде бул аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилерди камтыбаса, -юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет (200 000 сом).
— Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу -юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет (45 000 сом).»

"Азыркы учурда Кыргызстандын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына тиешелүү кайрылуулар даярдалууда", - деп айтылат маалыматта.

Финкөзөмөл жарандарды КР мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана кумар оюндарына катышпоого, же тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат албаган ишкердик субъекттери менен кызматташпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий