• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда 2-сентябрь жумуш күнү болору айтылды

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үстүбүздөгү жылдын 2-сентябры жумуш күнү болорун эскертет.

Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы N 708 "2024-жылдын дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө" токтому менен, 2024-жылдын 1-январынан 7-январына узак дем алыш күндөрү белгиленген.

Бул токтомго ылайык, 2024-жылдын 2-сентябрындагы эс алуу күнү 2024-жылдын 5-январындагы жумуш күнүнө жылдырылган.

Белгилей кетсек, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлер үчүн Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык 2024-жылдын 2-сентябры 2024-жылдын 31-августунун эсебинен дем алыш күнү болушу керек болчу, эгерде майрам дем алыш күнүнө туура келсе, анда кийинки иш күнү майрам деп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий