Кыргызстанда 20 метрге чейинки көпүрө устундары чыгарыла баштады

Коом 0


Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда 20 метрге чейинки көпүрө устундары (мостовые балки) чыгарыла баштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегенлей, буга чейин Кыргызстан көпүрө устундарын сырттан сатып алчу.

"Мындан ары Кыргызстанда чыгарылып баштады. Эми көпүрөгө пайдалануучу 20 метрге чейинки устундарды өзүбүз камсыздай алабыз. Алдыда 24 метрге чейин жеткирүү планы бар. "Кыргыздар чыгара албайт, кыргыздардын колунан келбейт" деген түшүнүктөн кетишиз керек.

Мисалы, "Кумтөрдү биз иштете албайбыз" деп келишкен, азыр иштетип жатабыз. Паспортту дагы сырттан буюртма берип жасатчубуз, азыр ата мекендик өндүрүштөгү паспорттор пайдаланууга берилди", - деп жазган Орунбеков.

Ал эртең көпүрө устундарын чыгарган завод менен кенен тааныштыруу болорун кошумчалаган.

Пикир

Оставить комментарий