Кыргызстанда 2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду бекер алмаштыруу кампаниясы башталды

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2004-жылкы үлгүдөгү паспортторду бекер алмаштыруу кампаниясы башталды. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Саат 07:30дан баштап Калкты тейлөө борборлору ачылды. Биз бардык борборлорду кыдырып, калкты тейлөө борборлорунда паспорт алмаштыруу кампаниясы кандай башталганына көз салдык. Жарандар келип паспортторун тапшырып жатышат", - деп жазды министр.

Кутнаева белгилегендей, паспорт алмаштырууга көбүнчө 2004-жылкы паспорт менен улгайган адамдар келишип, бул акцияга ыраазы болушууда.

Пикир

Оставить комментарий