• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Москвада кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. КР ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен бирге 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, кармалган жаран - Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы тургуну Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 132-беренесинде (Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча 2016-жылдан бери издөөдө болгон.

"Такталган маалымат боюнча жогорудагы жаран 2015-жылы күз айында жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барып, 2001-жылы туулган кыздын боюнда бар болуп калган. Андан кийин ал изин жашырып качып кеткен. Андан соң ал Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталган. Андан сырткары, жогорудагы жаран Россия ИИМинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы жарыялаган федералдык издөөдө экендиги такталган. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча издөөгө алынган", - деп билдиришти министрликтен.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап кабар берилген. Кармалган жаран Москва шаарындагы тергөө абакка камакка алынган. Минск конвенциясына ылайык шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселе Россиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин чечилет.

Пикир

Оставить комментарий