• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда 2017-жылда 149 ата-эне өз укугунан ажыратылган

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Кыргызстанда мигрант ата-энелер тарабынан ташталган балдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Чолумова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда интернат сыяктуу болгон 145 балдар үйү бар, анда 120 миң бала тарбияланат.

Ал бардыгы болуп өлкө боюнча ата-энеси чет жакка иштегени кеткен 24 миң бала катталгандыгын кошумчалады.

“Чет жакка кетип жаткан ата-энелер расмий түрдө камкордукка алууну жол-жоболоштурса жакшы болмок. Алар жок кезде өз камкордугуна алган адам бала үчун жоопту болот жана анын укуктарын коргойт. Жыл сайын мигранттар тарабынан балдарын калтыргандардын саны өсүүдө. Интернаттардын жана андагы балдардын саны жыл сайын өсүүдө”,-деп билдирди Чолумова.

Ошондой эле ал маалымдагандай, Кыргызстанда 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 149 ата-эне өз укугунан ажыратылган.

“Зордук-зомбулукка 85 бала кабылган, алардын ичинен 55 бала сексуалдык зордукка дуушар болушкан”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий