• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда 2020-жылы орточо айлык акы 18 миң 493 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. 2020-жылы Кыргызстан боюнча орточо айлык акы 18 миң 493 сомду түздү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 7,7%га көп. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы орточо айлык акынын өсүшү экономикалык ишмердүүлүк жаатындагы ишканаларда жана уюмдарда байкалган.

Ошондой эле, 2020-жылы жашоо минимуму жан башына 5 миң 358 сомду түзүп, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 1,5%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий