• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда 2023-жылы 7 жаңы үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды. Багыттар

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылы 7 жаңы үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар:

  • Сиань – Бишкек – Сиань;
  • Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби;
  • Сеул – Бишкек – Сеул;
  • Анкара – Бишкек – Анкара;
  • Баку – Бишкек – Баку;
  • Жидда – Бишкек – Жидда;
  • Чэнду – Бишкек – Чэнду.

Азыркы учурда "Манас" эл аралык аэропорту" 26 авиакомпания менен кызматташат, алардын ичинен 3 авикомпания ата мекендик, 23ү эл аралык.

"Бүгүнкү күндө "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун маршруттук тармагы 40 багытты камтыйт: 36 багыт - эл аралык аба каттамдары боюнча, 4 багыт - ички аба каттамдары боюнча", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий