Кыргызстанда 2024-жылы жол тармагына 4,45 млрд сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 08.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы жол тармагына бюджеттен 4 млрд 450,9 млн сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Финансы министрлиги тарабынан 4 млрд 73,7 млн сом же 100% каржыланды, анын ичинен:

- 1 870,4 млн сом - автомобиль жолдорун тейлөөгө жана оңдоого (автомобиль жолдорун кышкы жана жайкы тейлөө, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу, учурдагы оңдоо жана башка), анын ичинде битум сатып алууга;

- 346,9 млн сом – кредитордук карызды жабууга;

- 1 241,7 млн сом – техника сатып алууга;

- 614,7 млн сом – административдик чыгашалар.

"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы тарабынан 2022-жылы 32 даана жол-курулуш техникасын сатып алууга 2 млн 353,1 млн долларга келишим түзүлгөн.

Ошондой эле 2023-жылы 20 млн 660 миң 489 долларга 247 даанадан турган жол-курулуш техникаларын жана 6 млн 699 миң долларга 18 даана асфальтбетон заводун, таш талкалоочу орнотмону жана бетон заводун сатып алууга келишимдер түзүлгөн. Анын 30 пайызы төлөнүп, калган каражаттар 3 жылдын ичинде квартал сайын төлөнүп турат.

Пикир

Оставить комментарий