• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстанда 2030-жылга чейин мөмө-жемиш экспортун $1 млрд жеткирүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2030-жылга чейин мөмө-жемиш продукциясын экспорттоону 1 млрд долларга жеткирүү максаты коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба министрлиги менен Кыргыз Республикасынын мөмө өстүрүүчүлөр ассоциациясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Тараптар мөмө-жемиш тармагын өнүктүрүү, анын ичинде мөмө-жемиш кластерин башкаруу жана тармактын катышуучуларын координациялоо боюнча Ассоциацияга ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү боюнча биргелешкен аракеттер жөнүндө макулдашты. Ошондой эле меморандумда көчөттөрдү улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык сертификациялоо, анын ичинде өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союздун сунуштары да каралган.

ХАСП, ISO, GlobalG.A.P., BRCGS жана IFS сыяктуу продукцияларынын коопсуздугунун жана сапатынын эл аралык стандарттарын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Атамекендик продукциялардын дүйнөлүк рыноктордун талаптарына шайкеш келүүсүнө жана анын экспорттук потенциалын олуттуу жогорулатууга жардам берет.

Бул иш-чараларды ишке ашыруу өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана мерчемге жетүү үчүн 2030-жылга чейин 1 млрд доллар суммасында мөмө-жемиш продукциясын экспорттоо пландалган.

Министрлик мөмө өстүрүүчүлөргө инфраструктураны, анын ичинен логистикалык борборлорду жана кайра иштетүү объекттерин түзүү үчүн жерлерди трансформациялоодо көмөк көрсөтөт. Ошондой эле кластердин катышуучуларынын жеңилдетилген кредиттөөгө жана мамлекеттик колдоого жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий