• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанда 2030-жылга ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү пландалууда – Төрөбаев

Экономика 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2030-жылга ички дүң продукцияны 30 млрд долларга жеткирүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев ар бир районго чакан кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүн ачуу боюнча акимдерге, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын жана айыл өкмөт башчыларына бир катар тапшырмаларды берүү учурунда айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир ишкер үч пенсионерди багып жатат, ошондуктан ишкерлерди көбөйтүү керек.

"Бир ишкер бир пенсионерди бага тургандай болушу шарт. Ал үчүн ишкерлерди колдоп, орто, чакан кайра иштетүүчү өнөр жайларын көбөйтүп, аймактардын социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу милдет. Алдыда 2030-жылга ички дүң продукцияны 30 млрд доллар жеткирүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал ийгиликке сиздердин аракетиңиздер менен бирге жетебиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги менен "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан "Кыргызиндустрия" ААКтын базасында Демонстрациялык борбор ачылып, ишкерлерге, фермерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактарда чакан жана орто өндүрүштөрдү ачуу, продукцияларды кайра иштетүү жана чыгаруу боюнча бизнес долбоорлордун ийгиликтүү мисалдары көрсөтүлүп жатат.

Демонстрациялык борборда жүндү, терини, сафлорду кайра иштетүүчү айыл чарба багытындагы өндүрүш жабдуулары, саан аппараттары, мобилдүү тоок каналар көрсөтүлүүдө. Чакан өндүрүштү ачам дегендерге райондук фонддун деңгээлинен баштап, Агроөнөр жай комплексин насыялоо, банктарга дейре бекер даяр долбоорлорду жазып берүү, кайсы жердеги каржы булактарынан каражат алса болору боюнча маалыматтар берилет жана бардык шарттар каралган.

Пикир

Оставить комментарий