• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсеге көбөйтүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, айыл чарба продукциясынын экспортун жогорулатуу, жашыл айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча Эксперттик кеңештин жолугушуусу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Эксперттик кеңеш айыл чарбасында кайра иштетүүнү илгерилетүүдө 2030-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспортун 2 эсеге көбөйтүү, ошондой эле 2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүү иш аракеттерин ишке ашырууда көмөк көрсөтүү максатында уюштурулган.

Күн тартибинде негизги 3 маселе каралды:

- КР прензидентинин "КР агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу боюнча, 2040-жылга карата айыл чарба продукциясын 50 пайыздан кем эмес кайра иштетүү деңгээлине жетишүү иш-чаралар планын талкуулоо;

- кайра иштетүү деңгээлине жетишүүдө белгиленген локацияларды кароо;

- КР Коргоо министрлигин, Ата мекендик продукциялар менен камсыз кылуу максатында керектелүүчү азыктардын тизмесин Эксперттик кеңештин курамына тааныштыруу жана камсыздоо маалымат алуу боюнча актуалдуу маселелер каралды.

Пикир

Оставить комментарий