• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 2034-жылга чейин 36 БДР жана БСР куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2034-жылга чейин 36 декадалык жана суткалык жөнгө салуучу бассейндерди (БДР жана БСР) куруу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда министрликтин балансында жалпы 406 БДР жана БСР бар.

"Мындан тышкары, жакын арада министрликтин балансына жеке колдонууда болгон 76 БДР жана БСРди алууну пландап жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий