Кыргызстанда 22-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 22-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15...+20, Талас облусунда +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын оьблусунда +8...+13 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында +18...+20 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий