• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстанда быйыл 230 социалдык объект пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. 2024-жылдын ичинде 230 социалдык объекттин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында билдирди.

Орунтаевдин маалыматына ылайык, анын ичинде 100 мектеп, 45 бала бакча, 16 саламаттык сактоо, 9 маданият, 16 спорт комплекси, 12 турак жай, 22 таза суу менен жабдуу объектилери жана 10 башка объекттер.

"Быйыл курулуш процессин тездетүү үчүн “Кыргыз Курулуш” мамлекеттик ишканасы ачылып, бир айдын ичинде курулуштар башталууда. Мурункудай жарым жыл күтпөй, тендердик системада жакшы шарттар түзүлдү. Мисалы, “Кыргыз Курулуш” Д.Өмүрзаков атындагы стадионду 70 күндө бүтүрүп берген болсо, Каракол шаарындагы стадиондо иш кызуу жүрүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий